Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры №164
Ак-Суу айыл аймагынын жарандарына ПРООН уюму менен биргеликте тамчылатып суугаруу аркылуу бак кылууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларынын ПРООН уюму аркылуу долбоордун негизинде тамчылатып суугаруу аркылуу бак кылуу жана жашылдандыруу максатында түшкөн арыздарын карап жана уюштурулуп,аткарылып жаткан иш аракеттери жөнүндө жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсүнүн негизинде ПРООН уюму менен долбоордун негизинде иш жүргүү үчүн түшкөн жарандардын арызы канааттандырылсын.
2. ПРООН уюму менен биргеликте Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жарандарына тамчылатып суугаруу менен бак кылууга,жашылдандырууга макулдук берилсин.(Тизме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер боюнча башкы адис А.Бабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Ак-Суу айылдык Кеңешинин
“ 24” сентябрь 2020-жыл № 164
чечимине тиркеме
1.Жумабаев Ырысбек 0,30 га.
2.Саматов Абдулла 0,50 га
3.Туйчиева Фарогат 0,30 га
4.Халмуратов Сейитбек 1,5 га
5.Гапиров Абдибакир 1,5 га
6.Гапиров Мухтожон 1,0 га
7.Шамшимаматов Алишер 1,2 га
8.Матмурадв Буходир 1.0 га
9.Бозоров Дехкон 1.5 га
10.Абдиназаров Абдиназар 1,0 га
11.Бабаев Бобуржон 0,60 га
12.Худаяров Жакыпбек 1,0 га
Бардыгы 11.4 га