АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры №162
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде кабыл алынган бюджетинде кабыл алынган иш чаралар элдин суроо талаптарынын негизинде кээ бир иш чараларды өзгөртүүгө макулдук алуу жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын башында кабыл алынган бюджетинин кээ бир иш чаралары өзгөргөндүгүнө байланыштуу,айыл өкмөтүнүн бюджетинин кээ бир иш чаралары өзгөртүлсүн.(Уведомление тиркелет).
3. Бул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу КЭБнун башчысы Х.Кушбаковго жүктөлсүн.
4. Көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары урматтуу төрага өзүңүздөргө белгилүү болгондой сиздер енен биргеликте 2020-жылдынбашында Ак-Суу айыл окмөтүнүн бюджетин кабыл алганбыз кабыл алынган бюджетте бир канча иш чаралар кабыл алынган бирок элдин суроо талаптарынын негизинде жана бүткүл дүйнөну каптаган короновирус оорусунун жайылып кеткенине байланыштуу ошондой эле өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн акча каражаттары төмөнку иш чараларга өзгөртүүгө макулдук берүүңүздөрдү суранам.
2020-жылдын башында кабыл алынган и чаралар.
№ | Кабыл алынган иш чаралар | Каралган акча каражаты | Калган акча каражаты | Керектелүүчү сумма |
1 | Ар түрдүү майрамдык иш чаралар | 115,0 | 50,0 |
|
2 | Эстеликтерди ремонттоо | 30,0 | 30,0 |
|
3 | Жаштар иштерине | 30,0 | 30,0 |
|
4 | Кутурманын алдын алуу | 100,0 | 50,0 |
|
5 | Кызыл бараз суу болүштүргүчүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 307,7 | 50,0 |
|
6 | Улуу Жеңиш 75 жылдыгы И.Раззаковдун жана С.Садыковдун юбилейине карата | 150,0 | 150,0 |
|
7 | 2020-жылдын ичинде ар кандай иш чараларга | 100,0 | 100,0 |
|
8 | Аксуу айылына тратуар салуу | 2000,0 | 2000,0 |
|
9 | Жыланды Учктон участкаларына жол салуу | 280,0 | 280,0 |
|
10 | Скважина | 400,0 | 400,0 |
|
| Жалпы: |
| 3140,0 |
|
Өзгөртүлгөн иш чаралар.
1 | Суу-Башы айылынан Ак-Суу айылына ейинки аралыкка кошумча тазасуу линиясын тартуу. |
|
| 1896,0 |
2 | Аравали көпүрөсүн оңдоого |
|
| 350,0 |
3 | Санарип аймак Э-кызматка кошулуу учун айыл окмотуно заманбап компьютер алууга |
|
| 436,0 |
4 | Жайыт комитетине |
|
| 210,0 |
5 | Жескен орто мектебине катёлный сатып алууга |
|
| 50,0 |
6 | Ак-Суу айылындагы 2Тынчтык” “Балажан” жана “Кызгалдак” баладар бакчаларына керектүү кезектеги ремонттон өткөрүү үчүн. |
|
| 123,0 |
7 | Аравали суу бөлүштүргүчүнө селден коргоо тосмолорду куруу. |
|
| 75,0 |
| Жалпы: |
|
| 3140,0 |
Башчы: А.Халмуратов.