АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 163
“Илек-Строй групп”компаниясынын директору И.Э.Жороевди Лейлек районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жыл ичинде “Илек-Строй групп” курулуш компаниясынын директору И.Э.Жороевдин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы,эмгеги үчүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Илек-Строй групп”компаниясынын директору И.Э.Жороевди Лейлек районунун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү Лейлек райондук администрациясынан суралсын.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу Ак-Суу айылдык Кеңешинин алдындагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |