Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 156
Айыл аймагында эпизоотологиялык абалды жакшыртуу багытында ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө
Айыл аймагында эпизоотологиялык абалды жакшыртуу багытында 2020-жылдын алты айына карата ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет инспектору А.Маматкуловдун аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын. (билдирүү тиркелет)
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Суу ветеринардык сервисинин 2020-жылдын алты айлыгындагы аткарган жумуштары боюнча маалымат
1.Ири мүйүздүү малдар боюнча:
-Бруцеллёз ылаңыны алдын алуу жана аныктоо үчүн ири мүйүздүү малдар дан анализ (кан) алуу алты айлык планда 1300 баштан алуу керек, аткарылга ны 830 баштан анализ алынды.
- Шарп (аксыл) ылаңынын алдын алуу боюнча алты айлык планда 4500 баш ири мүйуздүү мал эмдөөдөн өтүү керек, аткарылышы 4500 баш.
-ири мүйүздүү малдарды (музоолорду) идентификациядан өткөрүү(биркалоо) 200 баш ири мүйүздүү малдар идентификациядан өткөрүлдү.
-Карасан ылаңыны алдын алуу боюнча алты айлык планда 1500 баш эмдөө дөн өтүү керек, аткарылышы 1600 баш.
2. Майда мүйүздүү малдар боюнча:
-Күл ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 3400 баш, эмдөодөн өтконү 3300 баш.
3. Иттер боюнча:
- Кутурма ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 321 баш, аткарылышы 357 баш.
-Эхинококкоз (ич-курттарга) га каршы алдын ала дарылоо планда 900 баш, аткарылышы 644 баш.
-жолбун иттерди атуу 100 башка аткарылды.
Вет.инспектор: А.Маматкулов.