Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXV сессиясы
2020-жылдын 2-февралы № 3
Кой-Таш орто мектебинин спорт аянтчасынын жерин алмаштырууга уруксат берүү жөнүндө
Кой-Таш орто мектебинин спорттук аянтчасынын айланасынын тосулбагандыгын белгилеп окуучулар үчүн шарт түзүү жана коопсуздук чараларын көрүп, айыл өкмөтүнүн балансындагы жерге алмаштыруугу уруксат берүү боюнча директор Н.К.Абаловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кой-Таш орто мектебинин спорт аянтчасынын жерин, мектепке тиешелүү айланасы тосулган жер аянтына алмаштырууга уруксат берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде жерди алмаштырууга байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүү жер жана турак жай маселелери боюнча адис Н.Д.Салимбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А.Полотовго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С. Ж. |