Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 6
Калктуу конуштагы ашыкча жер тилкелердин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Катраң айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча улук адиси Н.Д.Салимбековдун калктуу конуштун чегиндеги жер тилкелеринен ижара түрүндө акы алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Катран айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын ашыкча жер аянтынын ар бир сотыхынан 13 сомдон ижара акысы белгиленсин.
2. Мыйзам чегинде келишимдерди түзүү жер жана турак жай маселелери боюнча улук адис Н.Д.Салимбековго милдеттендирилсин.
3. Түзүлгөн келишимге ылайык ашыкча жер тилкелеринен ижара акысын жыйноо салыкчы К.С.Ниязалиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын
Төрага | А.С.Саттаров |