Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 7
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүүнү кароо жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн зоналдык коэффициентти 2020-жылга кайра бекитүү жөнүндө
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүүнү кароо жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн зоналдык коэффициентти 2020-жылга кайра бекитүү жөнүндөгү Катраң айыл өкмөтүнүн салык кызматкери К.Ниязалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө ошондой эле КРнын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Катраң айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өткөн жылдагы өлчөмдө калтырылсын.
2. Айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгы үчүн зоналдык коэффициент 07 болуп бекитилсин.
3. Токтом 2020-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын.
Төрага | А.С.Саттаров |