Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 9
Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында Катраң ЖПБнын 2020-жылга инвестициялык планын бекитүү жөнүндө
Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу, жайыт пайдалануучуларга шарт түзүүдө Катраң ЖПБнын 2020-жылга инвестициялык планы иликтенилип, Катраң ЖПБнин төрагасы У.Амировдун жайыт пайдалануучулар менен биргеликте фокустук топтордо аныкталган көйгөйлөр боюнча түзүлгөн инвестициялык пландар жана 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Катраң ЖПБнин төрагасы У.Амировдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Катраң жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн жылдык иш планы жана инвестициялык планы бекитилсин.
3. Иш план жана инвестициялык планды аткарууга алуу Катраң жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Амировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Таштемировго тапшырылсын.
Төрага | А.С.Саттаров |