Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2020-жылдын 15-майы № 12
Токой чарбанын жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн мал башына төлөнүүчү наркты бекитүү жөнүндө
Лейлек токой чарбасынын директору Т.Мурзакуловдун 2020-жылдын 26-мартындагы №65 сандуу жайыттарды ижарага берүү боюнча малдардын башына төлөнүүчү нарктарды бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Катран айыл аймагындагы токой чарбасынын жайыт жерлерин ижарага алып пайдалангандыгы үчүн мал башына төлөнүүчү нарк тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бардык жергиликтүү салык жана төлөмдөр коюлган баанын ичинде экендиги эске алынсын.
3. Бекитилген нарк 2020-жылдан баштап өзгөрүүнү талап кылганга чейин күчүндө болору белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Г.Таштемировго тапшырылсын
Төрага | С.Ж.Бөрүбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги Лейлек токой чарбасынын жайыты үчүн төлөнүүчү ижара акысынын наркы
-чоёу ар бир башына 65 сом
-торпоктор 26 сом
-чоёу ар бир башына 36 сом
-козулар 14,40 тыйын
-жылкы 150 сом
-кулун 60 сом
-топоз 150 сом
-мамалак 60 сом