КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2020-жылдын 13-июлу № 16
Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш жана Озгерюш айылдарынын аталыштарын өзгөртүүү жөнүндө
Жаңы-Турмуш айылынын тургундарынын 2020-жылдын 2-июлундагы жалпы элдик чогулушунун жана Озгерюш айылынын тургундарынын 2020-жылдын 3-июлундагы жалпы элдик чогулушунун протоколдорун угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жаңы-Турмуш жана Озгерюш айылынын тургундарынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору бекитилсин.
2. Азыркы Жаңы-Турмуш айылынын аталышы Баул айылы болуп, ал эми Озгерюш айылынын аталышы Өзгөрүш айылы болуп өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А.Полотовго тапшырылсын.
Төрага | С.Ж.Бөрүбаев |