КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2020-жылдын 25-сентябры № 19
Катраң айыл өкмөтүнүн 2020-жылга Катраң жайыт бирикмеси менен түзүлгөн №01/03 сандуу келишимин бекитүү жөнүндө
Катраң айыл өкмөтүнүн 2020-жылга Катраң жайыт бирикмеси менен түзүлгөн №01/03 сандуу келишимин карап чыгып Катраң айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Катраң айыл өкмөтү менен Катраң жайыт бирикмесинин ортосунда түзүлгөн 01-январь 2020-ж №01/03 сандуу келишим жактырылсын.
2. Катраң жайыт пайдалануучулар бирикмесинин пайдалануусундагы техниканы иштетүүдөн түшкөн 18,0 (Он сегиз) миң сом акча каражаты, Жайыт комитетинин эсеп чотуна төгүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катраң айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Айтбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Катраң айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын.
Төрага | С.Ж.Бөрүбаев |