Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2020-жылдын 25-сентябры № 22
Катраң айыл өкмөтүнүн тургуну Полотов Абдибаит Акматовичтин жеке менчик жер участкасын Катраң айыл өмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги жер менен алмаштыруу жөнүндө
Катраң айыл аймагында 2007 жылы болгон жер титирөөнүн кесепетинин негизинде №5 Гимназия мектебинин имаратын жаныдан курууга туура келген. №5 Гимназия мектебинин имараты салынуучу жер участогу айылдын мал базарына жакын болгондуктан мал базарды жылдыруу керек болгон. Ошондуктан мал базарды жылдыруу үчүн Полотов Абдиабаит Акматовичтин жеке менчик жер участогу ыңгайлуу болгондуктан айыл өкмөттүн муниципиалдык жер участогу менен алмаштырууга макулдашылып жер участогун мал базар кылууга берген. Бирок документ иштери ушул күнгө чейин толук бөтпөй келген.Ошондуктан Полотов Абдибаит Акматович алмаштырылган жер участогун документтештирип берүү жөнүндө арыз менен кайрылган.Арыз менен таанышып,карап чыгып Катраң айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Катраң айылынын тургуну Полотов Абдибаит Акматовичтин жек менчикигиндеги 0,15га жер участогу менен айыл өкмөттүн муниципиалдык менчигиндеги 0,15га жер участогун алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Катраң айылынын тургуну Полотов Абдибаит Акматовичке алмаштырылган жер участогун жеке менчикке каттоого уруксат берилсин.
3. Базар куруу үчүн алынган жер участогу муниципиалдык менчикке каттоого жүргүзүлсүн.
4. Менчиктин тийиштүү документтерин даярдап, каттап берүү жагы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катраң айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Ж.Бөрүбаев |