ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 26-августу № 1
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин 2021-2022-окуу жылына жана кышка карата даярдыгы
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин 2021-2022-окуу жылына жана кышка карата даярдыгы боюнча депутаттар арасында кенири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы боюнча кемчиликтер бар экендиги белгиленсин жана зарыл болгон кемчиликтер толукталсын.
2. Кышка карата даярдыктар боюнча керектүү чаралар көрүлсүн.
3. Айыл аймагындагы мектеп, бала бакчалардын жетекчилеринин билдирүүсүнүн негизинде көрсөтүлгөн техникалык тейлөө кызматкерлерине Ардак Грамота менен сыйлоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевден суралсын.
Төрага |
С.Ибраимов |