ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 26-августу № 6
Ийри-Сай участкасына таш майдалоочу жана асфальтобетон чыгаруучу заводун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ийри-Сай участкасындагы №424, 438, 439 контурларында жайгашкан 4,6 га жер аянты трансформация болгондугуна байланыштуу таш майдалоочу жана асфальтобетон заводун куруу үчүн Ош-Баткен-Исфана автожолдор башкармалыгына трансформация болгон жер аянтынан бөлүп берүү боюнча депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ийри-Сай участкасындагы №424, 438, 439 контурларында жайгашкан 4,6 га жер аянты трансформация болгондугуна байланыштуу таш майдалоочу жана асфальтобетон заводун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү кийинки сессияга калтырылсын.
2. Суралган жер аянтын тактоо иштери Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге тапшырылсын.
Төрага |
С.Ибраимов |