Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 10-июну № 2

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин  Иш планын бекитүү жөнүндө

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин иш планын бекитүү максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айылдык  кеңешинин 2021-жылга карата иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2.    Токтомдун аткаруу жагы  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңештин төрагасы С.Ибраимовко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

С.Ибраимов 

Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата иш планы   долбоор

№

  Аткарылуучу               Маселелер

мөөнөтү

аткаруучулар

1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын социалдык экономикалык өнүгүү боюнча аткарылышы жана 2021-2022-жылдарга планы жөнүндө

                                                 

июнь

Төрт-Гүл айылдык  Кеңешинин туруктуу комиссиялары

2

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат жерлеринин суу менен камсыз болушу.

июль

Жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары

А/К кезектеги сессиясы

3

1.Айылда медициналык жактан тейлөө абалы

2.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин,зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан  иштери жөнүндө

август

Координациялык кеңеш,мыйзамдуулук боюнча мандаттык комиссия,депутаттык статус,этика билим жана маданият боюнча комиссия

 

4

1.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп,балдар бакчаларынын ремонттон өткөрүлүшу,жаңы окуу жылына карата даярдыгы.

2.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп,балдар бакчаларын жана ФАП тардын кышка карата даярдыгы

Август

Туруктуу комиссиялар

5.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктарынын аткарылышы

Октябрь

Экономикалык,финасы,бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

6.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчёту

октябрь

Туруктуу комиссиялар

7.

2022-жылга карата планын жана 2023-2024-жылдарга карата план прогнозун бекитүү

декабрь

Туруктуу комиссиялар.