Редакцияот 05.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы

 

2021-жылдын 5-апрели № 1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара,Чоң-Талаа, Ак-Турпак Зарташ айылдарындагы балдар бакчаларынын менчик формасын өзгөртүү жөнүндө

 

  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин билдирүүсүн угуп  депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык Кенешинин  VI чакырылышынын кезексиз  XXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Чоң-Талаа айылындагы “Келечек”, Чоң-Кара айылындагы “Алтын балалык”, Зарташ айылындагы “Айкөл”, Ак-Турпак айылындагы “Балакай” балдар бакчалары республикалык бюджеттен каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу менчигинин формасы мамлекеттик болуп өзгөртүлсүн.

2. Тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Мариповага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин орун басары Ы.Касымовго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

М.Соорбаев