Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2020-жылдын 9-марты № 1
“CASA-1000” долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде “CASA-1000” долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралууТөрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин билдирүүсүн угуп, депутаттар арасында кенири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде “CASA-1000” долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында 500кВтык “Датка-Сугд” аба чубалгысын куруу жана зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан 3460м2 аянтын акысыз 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: М.Соорбаев