Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
2020-жылдын 1-июлу № 5
Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 9-мартындагы №1-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“CASA-1000” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагына “CASA-1000” жогорку чыңалуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн №399-контурдагы 625м.кв жер аянтын “Суу фондунун жерлери категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына жана айыл өкмөтүнүн кароосундагы №858,813,994,993,982-контурлардагы 2931м.кв жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом боюнча иш кагаздар Баткен районунун мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
Төрага |
М.Соорбаев |