ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2020-жылдын 21-декабры № 2
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 14225,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 14225,9 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2022-жылга кирешелер боюнча болжол 14500,1 миң сом суммасында чыгашалар боюнча болжол 14500,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2023-жылга кирешелер боюнча болжол 14617,8 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча болжол 14617,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |