ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2020-жылдын 21-декабры № 3
Зар-Таш айылынын элдеринин пайдалануусу үчүн көрүстөнгө жер ажыратуу жөнүндө
Зар-Таш айылынын элдеринин пайдалануусу үчүн көрүстөнгө жер ажыратып берүү жөнүндө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин билдирүү- сүн угуп,депутаттар арасында кызуу талкуулап Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зар-Таш айылынын элдеринин пайдалануусу үчүн Зар-Таш айылынын батыш тарабындагы Ош-Баткен автожолунун чыгыш тарабынан 3,5 га жер аянтын көрүстөн үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |