Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2020-жылдын 21-декабры № 7
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри сай участкасынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри сай участкасынан жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттар арасында кенири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри сай участкасынан 2,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер багытындагы” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |