Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 1
Ак-Турпак айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн долбоорун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо боюнча, Ак-Турпак айылынын жашоочуларынын чогулушунун протоколунун негизинде депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салым катары 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБ башчы Р.Кочкоровга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |