Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 7-сентябры № 271/35-4
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2020-жылга чыгаша сметасындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен башка багыттарга багыттоо жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын берилген материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2020-жылдын 14-август № 275-б буйругунун титулдук тизменин жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттен 7,0 млн. сом ѳлчѳмүндѳгү бюджеттик каражаттарды, Токмок шаарынын 3-микрорайонунда жайгашкан № 4 үй-бүлɵлүк дарыгерлер тобунун имаратына капиталдык оӊдоо үчүн салым катары республикалык бюджеттеги Чүй облустук капиталдык куруу башкармалыгынын счетуна которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |