Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 7-сентябры № 270/35-4
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2020-жылга чыгаша сметасындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен башка багыттарга багыттоо жѳнүндѳ
Токмок ш.мэриясынын берилген материалдарын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2020-жылынын чыгаша сметасындагы каралган бюджеттик каражаттардын 2,3 млн.сомду, Токмок шаарынын 3-микрорайонунда жайгашкан № 4 үй-бүлɵлүк даарыгерлер тобунун имаратына лифтти сатып алуу жана эксплуатацияга киргизүү иштерине багыттоого макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |