Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXIV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 26-июну № 266/34-4
Р- 1 зонасынан Р-4 зонасына жер тилкесин которуу жана
Токмок ш. Курулуш жана Жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Токмок шаарынын Набережная көчөсүндө (№ 62 үйдүн жанында) жайгашкан жалпы аянты 3393 ч.м. муниципалдык менчик жер тилкеси Р-1 зонасынан Р-4 зонасына которуу жөнүндө” катынын негизинде, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаарынын Набережная көчөсүндө (№ 62 үйдүн жанында) жайгашкан жалпы аянты 3393 ч.м. муниципалдык менчик жер тилкеси Р-1 зонасынан (шаардык парк) Р-4 (жеке бакча чарбак) зонасына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |