Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 26-декабры № 250/31-4
Жер тилкесин Р-2 зонасынан Ж -1 зонасына которуу жана “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башчысы М.К.Макешевдин “Жер тилкесинин зоналык категориясын Р-2 зонасынан Ж-1 зонасына которуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу боюнча жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Токмок шаарынын Болебалаев көчөсүнүндө жайгашкан жалпы аянты 446 ч.м.,
Р-2 (рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы) зонасы Ж-1A (шаардын чет жактарындагы жеке усадбалык турак-жай курулушунун зонасы) зонасына которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |