Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры №35/1
Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн 2020 -жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси С.Сансызбаеванын 2020-жылдын 9-айында түшкөн төлөмдөрү жөнүндө маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык, Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси С.Сансызбаеванын 2020-жылдын 9-айынын ичинде түшкөн салыктардын төлөмү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Салыктардын түрлөрү:
-Айыл чарба жерлеринин салыгы – 1140,5
- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы – 443,5
- Короо жайга караштуу жер тилкелеринин салыгы – 145,7
- Автоунаалардан түшкөн салык – 2015,9
- Айыл ичинен алынган жерлердин ижара акысы -332,1
3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |