Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры №35/2
Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 2020 -жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2020-жылдын 9-айында аткарган ишинин маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31- беренесине ылайык, Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси У.Абдыканованын 2020-жылдын 9-айында аткарган иштери туралуу маалыматы бекитилсин, жана анын ишине канааттандырарлык деген баа берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрагасы Р.Солтобаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |