Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/3
Чүй айыл өкмөтүнүн 2020 –жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин аткарылышы туралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын "Чүй айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы" туралуу маалыматын угуп, жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 -беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын Чүй айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу маалыматы бекитилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |