Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/4
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн 2020-жылдын 9-айынын ичинде аткарган иштери туралуу маалыматы
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн башкы адиси А.Исмаиловдун 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 - беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн башкы адиси А.Исмаиловдун 2020-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери туралуу маалыматы эске алынсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |