Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/7
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн статист-кассири Жамидин к Дамиранын "Чүй айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 1-январына карата чарба китептерин жаныртууга турак –жайды жана эл каттоо, айыл чарба малдарына жана үй канаттууларына санак жургүзүү жөнүндөгү" маалыматын угуп жана иш-кагаздары менен таанышып, депутаттардын ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 31 - беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 1-январына карата айыл чарба китептерин жаныртууга турак –жайды жана эл каттоо, айыл чарба малдарын жана үй канаттууларын кайра саноого тартылган катттоочулардын эмгек акысына ар бир кожолукка 25 сом бекитилсин.
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |