Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-январы № 36/1
Чүй айыл өкмөтүнүн 2021 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү туралуу
Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2021-жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 49 829,7 миң сомго бекитилсин.
Анын ичинен:
-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы – 44 611,3 миң сом
-Атайын эсептен – 5 218,4 миң сом.
2.Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга карата сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 49 829,7 миң сомго бекитилсин.
- Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы суммасы – 44 611,3 миң сомго
-Атайын эсептен 5 218,4 миң сом
3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангелдиев |