Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ III СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 26-августу № 7/3-5
Токмок шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин коалициялык фракциялардын тарабынан сунушталган талапкерлерди талкуулап, Токмок аймактык комиссиясынын 2021-жылдын 26-августундагы №1 жана №2 протоколдоруна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын мэри болуп Самаев Урматбек Обозбекович шайлансын.
2.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
Төрага | Т. М. Сансызбаев |