Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 7-сентябры № 273/35-4
“Ас-Сафа Борбору” Коомдук Бирикмесинин 2019-жылдын 4-ноябрындагы №56 келишиминин негизиндеги жер участогунун ижара төлөмүнөн бошотууга макулдук берүү жөнүндө
“Ас-Сафа Борбору” Коомдук Бирикмесинин Токмок ш., Дунларов, 274 көчөсүндө жайгашкан аянты 25 644 ч.м.болгон жер тилкесинин ижарасын төлөөдөн бошотуу жөнүндө өтүнүчү менен кайрылган катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш., Дунларов, 274 көчөсүндө жайгашкан аянты 25 644 ч. м.болгон жер тилкесин “Ас-Сафа Борбору” Коомдук Бирикмесине 2021–жылдан баштап, 2019-жылдын 4-ноябрындагы №56 келишимдин аяктоо мөөнөтүнө чейин ижара төлөөдөн бошотууга макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын мэриясы, “Ас-Сафа Борбору” Коомдук Бирикмесинин Токмок ш., Дунларов,274 көчөсүндө жайгашкан аянты 25 644 ч. м. болгон жер тилкесинин укуктук белгилөөчү документтерин тартибине келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |