Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXIХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 22-январы № 303/39-4
Токмок шаарынын 2020-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө берилген материалдарын карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеӊеш жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү бекитилген планы боюнча алынган расмий трансферттерди жана ошондой эле салыктык администрациялоого жаткан ишканалардын кирешелери (ЖЧК “Интергласс”) жана атайын каражаттарды эсепке алганда 2020-жылдын 12 айында 91,6% аткарылган,(такталган план 259 294,7 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 237 484,2 миӊ сом) же 21810,5 миӊ сом түшпөй калган.
Анын ичинде:
- бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу 93,7% ды түзүп (такталган план 242 998,5 миӊ сом, факт 227 390,5 миӊ сом) же түшпөй калганы 15 208,0 миӊ сом.
- атайын каражаттар боюнча 60,5% (такталган план 16 696,2 миӊ сом, факт 10093,7 миӊ сом) же 6602,5 миң сомго аткарылбай калган.
Киреше бөлүгү салык кызматы тарабынан чогултулуучу кирешелер 2020-жылдын 12 айында 91,3% аткарылды (такталган план 178 995,5 миң сом, иш жүзүндө 163 381, 4 миң сом) же 15614,1 миң сом түшпөй калган.Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда (174 576,9 миң сом) 11 195,6 миң сомго аз түшкөн, өсүү темпинин көрсөткүчү 2019-жылдын мезгилине окшош 93,6% түзөт.
Болжолдонгон көрсөткүчтөрдүн аткарылбай калышынын негизги себеби болуп, экономикалык ишке шаардын айрым чарбалык субьектилерине пандемиялык корановирустук инфекциясына байланыштуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “социалдык-экономикалык абал турукташканга чейин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө 8-2 беренесине ылайык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кийинкиге калтыруу чектөө чаралары киргизилген.
Шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландуу көрсөткүчтөрү (“Интергласс” ЖЧКны эске алуу менен) төмөнкүдөй салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча аткарылган жок:
-салык агенти төлөөчү киреше салыгы-8024,0 миң сомго;
-ыктыярдуу патент салыгы-612,6 мин сомго;
-бизнес үчүн колдонулган 2 топтогу кыймылсыз мүлккө салык-3787,4 миң сомго;
-бизнес үчүн колдонулган 3 топтогу кыймылсыз мүлккө салык-19,8 миң сомго;
-транспорт каражаттарынан салык – 2240,7 миң сомго;
-короо-жай жана бак огород жерлерин колдонуу үчүн жер салык 844,9 миң сомго;
-калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салык-18,6 миң сомго;
- сатуудан алынуучу салык-70,7 миң сомго;
- роялти 95,1% же 46,6 миң сомго;
- унаа токтотуу акысы-253,4 миң сомго.
2020-жылдын 12 айында республикалык бюджеттен расмий трансферттер 32 615,9 миң. сом алынды. Анын ичинде:
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алганда 84,0% га аткарылды, такталган планда 292 167,3 миң. сом иш жүзүндө 245 469, 9 миң. сом сарпталган.
алардын ичинен:
-атайын каражаттар 58,6% га аткарылды же такталган планда 17 452,7 миң сом иш жүзүндө 10 220,7 миң. сом сарпталган;
Бюджеттик каражаттар багытталган;
-чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, азык-түлүк, стипендиялар жана калкка социалдык жардам үчүн жөлөк пулдар) - 53 716,2 миң сом же чыгымдардын жалпы көлөмүнүн 22,8%.
- коммуналдык кызматтар боюнча – (суу акысы, электр кубаты, жылуулук акысы, жана байланыш кызмат-43 290, 4 миң сом же жалпы чыгымдар 18,4 % түздү;
-башка чыгым беренелерине-138 238,6 миң сом же бюджеттик жалпы чыгашаларынан 58,8%.
2021-жылдын 1-январына карата абал боюнча шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы 8755,8 миң. сомду түздү анын ичинде "Коммуналдык кызматтар" 2231 беренеси боюнча - 5539,7 миң сом, "Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу" 2215-беренеси боюнча - 2216,0 миң сом, "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси боюнча - 1000,0 миң. сом.
Мындан тышкары, МИ "Токмок Жылуулук" субсидия боюнча республикалык бюджеттин 20 556,6 миң сом карызы бар.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын 2020-жылдын жыйынтыгынын аткарылышынын киреше бɵлүгү 237 484,2 миң сом суммасында, алардын ичинен бюджеттик каражаттар – 227 390,5 миң сом, атайын каражаттар -10 093, миң сом боюнча шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы эске алынсын (№1 тиркеме).
2.Шаардын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча бекитилсин (№2 тиркеме).
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.) шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын төлөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Токмок ш. боюнча МСКБнын башчысы тарабынан (Ниязалиев М. М.):
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча ай сайын пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын;
- салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыкты кыскартуу үчүн иш күчөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |