Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXIХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 22-январы № 307/39-4
«Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
«Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын Б.Джоошбековго ыйгаруу тууралуу сунуштамасын кароо боюнча комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө» Жобону, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джоошбеков Болотко Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамы ыйгарылсын.
2. Токмок шаарынын Ардактуу жаранына күбөлүк, төш белгиси берилсин.
3. Джоошбеков Болоттун ысымы Токмок шаарынын Даңк китебине жазылсын, «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» шаардык тактасына сүрөтү илинсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясына жана Токмок шаарынын вице-мэри С. В. Ступниковго жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |