Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 310/40-4
“Доктор Аматов” ЖЧК медициналык борборунун ижара акысын төмөндөтүү жөнүндө
“Доктор Аматов” ЖЧКнын медициналык борборунун директорунун кайрылуусун жана Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын директору Б.К.Исаеванын катын карап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурмунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Доктор Аматов ЖЧКнын медициналык борборунун ижара акысын бир жылдык мөөнөткө 50% га төмөндөтүүгө макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын Токмок аймактык ооруканасы (Исаева Б.К.), Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Макешев М.К.) жана ЖЧК "Доктор Аматов":
-3 тараптуу келишим түзүшсүн;
-ижара келишиминин долбоорунда - Токмок шаарынын Токмок аймактык ооруканасында туруктуу негизде стационардык дарылануудан өткөн балдарга консультациялык-диагностикалык жардамды акысыз көрсөтүү" пункту көрсөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |