Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 311/40-4
Токмок шаарындагы Комсомольская көчөсʏнʏн атын өзгөртʏʏ жөнʏндө
Токмок шаарынын ардагерлеринин жана жашоочуларынын кайрылуусун карап, 2021-жылдын 22-февралындагы Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнʏндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
.Токмок шаарындагы Комсомольская көчөсʏнʏн аты Арзымат Сулайманкулов атындагы көчө болуп өзгөртʏлсʏн.
2.Көчөнʏн атын өзгөртʏʏгө байланыштуу бардык чыгымдары (көчөнʏн аталышы жазылган белгилерди жасоо, орнотуу жана көчөнʏн жашоочуларынын паспортторун кайра каттоо ж.б.) өтʏнʏч менен кайрылган тараптын эсебинен жабылат.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Чүй-Токмок филиалы (Момункулов М.А.), архитектура жана шаар куруу боюнча Токмок башкармалыгы (Мамытбеков Б.Т.) жерди каттоо жана шаар куруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чʏй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн жөнөтʏлсʏн.
5.Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |