Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 312/40-4
Жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жесирлердин, жалгыз бой энелердин жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын Токмок шаарынын адистештирилген турак жай фондунан “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин “Социалдык шаарча” долбоорунун алкагында турак-жай алуу үчүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Атайын комиссиянын төрагасы, вице-мэр С.В.Ступниковдун комиссия тарабынан бекитилген жашы жете элек балдарды тарбиялаган жесирлердин, жалгыз бой энелердин жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын тизмесин камтыган катын карап чыгып жана «Токмок шаарынын социалдык шаарча» долбоору боюнча Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө 2021-жылдын 22-январындагы №308/39-4 токтому менен бекитилген Жобону, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Социалдык шаарча" долбоорунун алкагында Токмок шаарынын адистештирилген турак жай фондунан турак жай алуу үчүн жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жесирлердин, жалгыз бой энелердин жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын тизмеси бекитилсин.
2.Токмок шаарынын мэриясы "Социалдык шаар" долбоорунун алкагында Токмок шаарынын адистештирилген турак жай фондун турак жай менен камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алууда бекитилген тизмесин так жетекчиликке алсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |