Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 313/40-4
Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына мʏчөлөрʏн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнʏндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин курамына, мʏчөлөрʏнʏн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин курамында көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси, Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |