Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 314/40-4
“Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоо” долбоорун кошо каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №234/31-4 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтʏʏ бюджеттен ʏнөмдөлгөн каражаттын эсебинен, Чʏй облусттук өнүктүрүү фонду тарабынан бекитилген “Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оӊдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн 4 500 000 (төрт миллион беш жʏз миӊ) сом суммасында кошо каржылоого макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т. А. Солтобаев |