Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 315/40-4
“Токмок шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын чатырын капиталдык оӊдоо” долбооруна Чүй областтык өнүктүрүү фонду аркылуу конкурска катышууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. жашоочуларынын жана Токмок аймактык ооруканасынын кызматкерлеринин кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын чатырын капиталдык оӊдоо” долбооруна Чүй областтык өнүктүрүү фонду аркылуу конкурска катышууга макулдук макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын мэри (Амангельдиев Д.Дж.):
-“Токмок шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын чатырын капиталдык оӊдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо катарында 495 997 (төрт жʏз токсон беш миӊ тогуз жʏз токсон жети) сом суммасында акча каражаты каралсын.
3.Долбоорду ишке ашыруу боюнча мониторингдик топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Сатыбалдиев У.С. | -Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Шериева А. | -«Бак-Даулет» ТЖМЭШ төрайымы; |
Султанова А.С. | -«Уч-Терек-Уй» ТЖМЭШ төрайымы; |
Осконалиева К.А. | -«Токмок-Медер» ТЖМЭШ төрайымы; |
Кирьянова Л.И. | -№29 кварталдык комитеттин төрайымы. |
4.Долбоорду ишке ашыруу боюнча демилгечи топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Нурдинов А.Р. | -Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Чечейбаев Ж.Т. | -Токмок ш.ММБнын башкы адиси; |
Токтобеков А. Исаева Б.К.. | -Токмок ш.ММБнын технадзору; -Токмок аймактык ооруканасынын директору; |
Мамбетаева А.Т. | -№29 кварталдык комитеттин төрайымы; |
Акшакова Г.А. | -№27 кварталдык комитеттин төрайымы;; |
Алиева Г.И. | -№34 кварталдык комитеттин төрайымы;. |
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т. А. Солтобаев |