Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-февралы № 316/40-4
“Токмок шаарынын 1-3-кичирайонундагы Космонавтов жана 50 лет Киргизии көчөлөрʏнʏн, көчөлөрдʏ жарыктандыруучу аба чубалгысын тартуу” долбооруна Чүй областтык өнүктүрүү фонду аркылуу конкурска катышууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. 1-3-кичирайонунун жашоочуларынын кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок шаарынын 1-3-кичирайонундагы Космонавтов жана 50 лет Киргизии көчөлөрʏнʏн, көчөлөрдʏ жарыктандыруучу аба чубалгысын тартуу” долбооруна Чүй областтык өнүктүрүү фонду аркылуу конкурска катышууга макулдук берилсин.
2.Токмок ш. мэри (Амангельдиев Д.Дж.):
- Токмок шаарынын 1-3-кичирайонундагы Космонавтов жана 50 лет Киргизии көчөлөрʏнʏн, көчөлөрдʏ жарыктандыруучу аба чубалгысын тартуу” долбоорун ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо катарында 460 673 (төрт жʏз алтымыш миӊ алты жʏз жетимиш ʏч) сом суммасында акча каражаты каралсын.
3.Долбоорду ишке ашыруу боюнча мониторингдик топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Сатыбалдиев У.С. | -Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Шериева А. | -«Бак-Даулет» ТЖМЭШ төрайымы ; |
Султанова А.С. | -«Уч-Терек-Уй» ТЖМЭШ төрайымы; |
Осконалиева К.А. | -«Токмок-Медер» ТЖМЭШ төрайымы; |
Кирьянова Л.И. | -№29 кварталдык комитеттин төрайымы. |
4.Долбоорду ишке ашыруу боюнча демилгечи топту төмөнкү курамда түзүүгө макулдук берилсин:
Батырбек уулу Арнур | -Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Чечейбаев Ж.Т. | -Токмок ш.ММБнын башкы адиси; |
Токтобеков А. Исмаилов Р.Ж. | -Токмок ш.ММБнын технадзору; -Токмок ш. КИКтин башкы инженери; |
Муталипова Ч.Ж. | -«Кок-Чатыр» ТЖМЭШ мʏчөсʏ; |
Арсымалиев У.Дж. | -«Токмок-Медер» ТЖМЭШ мʏчөсʏ; |
Абдыбалиев А.А. | -«Уч-Терек» ТЖМЭШ мʏчөсʏ. |
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т. А. Солтобаев |