Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХII СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 10-июну № 320/42-4
Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы №312/40-4 токтому менен бекитилген тизмеге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 07-июнундагы №919/4-1 катын карап жана “Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча” долбоорунун алкагында Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фонду тарабынан турак жайларды берүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Социалдык шаарча” долбоорунун алкагында, Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан кызматтык батир алуу үчүн жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жесирлердин, жалгыз бой энелердин жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы №312/40-4 токтому менен бекитилген тизмеден тɵмɵнкү адамдар чыгарылсын:
-Орозматова Ч.;
-Сагындыкова П.
3.Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы №312/40-4 токтому менен бекитилген тизмеге толуктоолор №2-тиркемеге ылайык киргизилсин.
4.Токмок шаарынын мэриясы, социалдык шаарча долбоорунун алкагында Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай менен камсыз кылуу боюнча токтомдорду чыгарууда, бекитилген тизмени так жетекчиликке алсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |