Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХII СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 10-июну № 321/42-4
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бɵлүгүнɵ ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ
Токмок шаарынын биринчи вице-мэри К.К.Чотбаевдин 2021-жылдын 08-июнундагы №927/1-4 катынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2021-жылдын иштин кыйла артыкчылыктуу түрлɵрүнɵ бɵлүнгɵн каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен 16500,0 миң.сом суммасында (анын ичинен иштин түрү боюнча: Токмок ш. Сарбагышев кɵч. тротуарды капиталдык оңдоо – 3500,0 миң. сом, Киров кɵч. “Брент” май куючу жайына чейин С.Ибраимов кɵч. Молодежи аллеясынын курулушуна - 7 000,0 миң.сом, Жантаев кɵч. менен С.Ибраимов кɵч. кесилишине бɵлүүчү тосмону (арал) орнотуу (автобекеттин аймагы) - 3 000, 0 миң. сом, газонду сугаруу үчүн шайман – 3000,0 миң.сом) жана “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренесинен (долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу) – 1000,0 миң.сом, жалпы чыгымдардын жана иштин түрлɵрү боюнча 17500,0 миң. сом суммасында бюджеттик ассигнованиелерин жылдырууга макулдук берилсин:
-“Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренеси боюнча Токмок ш. жер алдындагы ɵтмɵктүн КДТ тазалоо боюнча кошумча – 250,0 миң.сом суммасында каралсын;
-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренеси боюнча (Токмок шаарындагы жолдордун грейдирлɵɵсү) – 1 000,0 миң. сом;
-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренеси (билим берүү мекемелеринин жылытуу системасын учурдагы оңдоо) – 500,0 миң.сом;
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси (“Токмок шаарынын 1-3-кичирайонундагы Космонавтов жана 50 лет Киргизии көчөлөрʏнʏн, көчөлөрдʏ жарыктандыруучу аба линияларын тартуу” долбооруна Чүй өнүктүрүү фонду боюнча кошо каржылоого)– 460, 7 миң. сом;
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси (“Н.Байтемиров атындагы маданият сарайын капиталдык оңдоо долбоорун ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо катарында) - 4 000,0 миң.сом;
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси (Токмок ш. нɵшɵр суусун агызуучу тармактарды оңдоо жана калыбына келтирүү) – 2 000,0 миң.сом;
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси (Токмок ш. №3 «Аленушка» бала-бакчасынын жылуулук системасын оңдоо) – 2 289,3 миң. сом;
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси (Токмок ш. №6 «Золотой ключик» бала-бакчасынын терезе блокторун алмаштыруу) – 3 000,0 миң.сом;
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси (Токмок ш. балдар аянтчаларын жасоо жана орнотуу) – 4 000,0 миң.сом.
Мындан тышкары, “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренеси боюнча үнɵмдɵлгɵн каражаттан (Токмок ш. жолдорду жамап оңдоо) 1 000,0 миң.сом суммасында, «Машиналар жана жабдуулар» 3112 беренесине Токмок ш. кɵчɵлɵрүнɵ жарык орнотуу үчүн электр материалдарын сатып алуу үчүн 1 000,0 миң.сом (тиешелүү ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү) каралсын.
2.“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси боюнча (Токмок ш. жолдорун асфальттоо) Токмок ш. ММБсынын чыгымдарынын артыкчылыгын аныктоонун натыйжасында үнɵмдɵлгɵн 6 706, 7 миң.сом суммасында бюджеттик ассигнованиелерди багыттоого макулдук берилсин:
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесине (Токмок ш. борбордук «Булак» базарына коомдук транспорттор үчүн унаа токтотуучу жай куруу) - 5277,6 миң.сом.
-Шаардын бюджеттик мекемелерине жана уюмдарына кошумча 1429,1 миң.сом суммасында кошумча бюджеттик ассигнованиелер түрүндɵ, анын ичинде:
-Токмок ш. маданият бɵлүмү боюнча “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине колдонгон жылуулук энергиясы үчүн кредитордук карызды жабуу үчүн 200,0 миң.сом суммасында;
-Токмок ш. жаштар, дене тарбия жана спорт комитети боюнча “Кызматтык кыдырууларга чыгымдар” 2211 беренесине, спорттук мелдештердин календарлык планына ылайык, спортуларга жол чыгымдарын тɵлɵɵгɵ 150,0 миң.сом суммасында;
–Чүй-Токмок билим берүү бɵлүмү боюнча “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренесине 389,1 миң.сом суммасында, анын ичинде: жылытуу бɵлүктɵрүн текшерүү үчүн - 335,4 миң.сом, мезгилдүү басма сɵзгɵ жазылуу - 53,7 миң.сом;
-“Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине 635,0 миң.сом, анын ичинде: электр энергиясына болгон тɵлɵмдɵрдү тɵлɵɵ үчүн – 550,0 миң.сом, сууга - 85,0 миң.сом;
-“Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” МИ боюнча -“Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине 55,0 миң.сом суммасында, кредитордук карызды жабуу үчүн.
3.Бюджеттик ассигнованиелер боюнча ички жылдыруулар жүргүзүлсүн:
-Токмок ш. ММБсы боюнча “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренесине колдонгон жылуулук энергиясы үчүн кредитордук карызды жабуу үчүн 100,0 миң.сом суммасында;
-Токмок аймактык ооруканасынын чыгаша сметасынын “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренесинен Токмок ш. ММБсынын “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренесине, Чүй облусунун ɵнүктүрүү Фонду аркылуу долбоорду ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо катары 700,0 миң.сом суммасында;
–Чүй-Токмок билим берүү бɵлүмү боюнча “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренесинен “Орто билим” 70921 кичи бɵлүмү, “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренесине “Мектепке чейинки билим берүү” 70911 кичи бɵлүмү, 57, 2 миң. сом суммасында;
-“Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” МИ боюнча “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренесинен “Транспорттук чыгымдар” 2214 беренесине 30,0 миң. сом суммасында;
–Токмок ш. мэриясы боюнча “Маяна” 2111 беренесинен “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 беренесине, Токмок ш. САКБнын №ГД-677-20-ч7 15.01.2021-ж. аткаруу баракчасына ылайык, соттун чечимин аткаруу үчүн 123,9 миң.сом суммасында;
-Токмок ш. жаштар, дене тарбия жана спорт комитети боюнча “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренесинен 87,6 миң. сом суммасында “Кызматтык кыдырууларга чыгымдар” 2211 беренесине 71,5 миң. сом суммасында жана “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренесине 16,1 миң.сом суммасында.
4.Токмок шаардык кеңешинин “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренеси боюнча IV-кварталдан 26,2 миң.сом суммасында, III-кварталдан 13,8 миң.сом суммасында II-кварталга бардыгы 40,0 миң.сом суммасында бюджеттик ассигнованиелер боюнча ички жылдыруулар жүргүзүлсүн.
5.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.) ушул токтомдун 1-4 пунктуларына ылайык, шаардын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бɵлүгүнɵ ɵзгɵртүүлɵрдү киргизсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |