Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXХII СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 10-июну № 322/42-4
Токмок шаарынын кварталдык комитеттери жөнүндө” жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын кварталдык комитеттеринин натыйжалуу ишин жогорулатуу максатында жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Мыйзамдарын” жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №288/37-4 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын кварталдык комитеттери жөнүндө” жобосунун 2-бөлүмүнүн, 13-пунктуна “65 жаштан” деген сөз “70 жаштан” деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.А.Табалдиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |