Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезексиз XXIX (жыйырма тогузунчу) сессиясы
2020-жылдын 13-июлу №181/XXIX-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган акча каржаттарын төмөндөгү багыттарга жумшоо максатта Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын медицина кызматкерлерине азыркы оор кырдаалда иштеп жатышкандыгын эске алуу менен материалдык жардам катары 2019-жылдын бюджетинин калдыгынан 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюжетинин жалпы киреше бөлүгү 90,9% га аткарылгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктусунун жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Коллективдик келишиминин негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине, 23-июнь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө карата, бир айлык акы өлчөмүндө сыйлык берүү максатында 2019-жылдын бюджетинин калдыгынан 189,1 миң сом айлык маянасына жана 32,6 миң сом социалдык фонддун төлөмдөрүнө каралсын.
3. Үч-Эмчек айылынын жаңы көчөсүнө таза суу киргизүүгө 347,0 (үч жүз кырк жети) миң сом 2019-жылдын бюджетинин калдыгынан бөлүнүп берилсин.
4. Тогуз-Булак айылынын А.Мурзалиев мектебинин жаңы салынган ийримдер корпусун жасалгалоо үчүн 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |