Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезексиз XXIX (жыйырма тогузунчу) сессиясы
2020-жылдын 13-июлу №186/XXIX-27
Ичке-Суу айылынын Бөлөбалаев көчөсүнүн ген.планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси А.Тологоновдун “Ичке-Суу айылынын Бөлөбалаев көчөсүнүн ген.планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 25-майындагы №116080520SSKW00056 аныктамасынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 25-майындагы №116080520SSKW00056 аныктамасынын негизинде Ичке-Суу айылынын Бөлөбалаев көчөсүнүн ген.планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин жана турак-жай алууга талапкерлердин бекитилген тизмесине ылайык 0,15га жер тилкеси турак-жай куруу үчүн берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан бекитилген мыйзам чегинде каттоо жүргүзүүсү зарыл.
3. Бул токтомдун аткарылышын социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |