Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXX (отузунчу) сессиясы
2020-жылдын 24-декабры №189/XXX-27
Калиев Болотбек Матановичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Таш-Башат айыл тургундарынын “Калиев Болотбек Матановичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарууну өтүнүп кайрылган” кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары таанышып чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусуна ылайык Калиев Болотбек Матанович - Ысык-Ата айылдык Кенешинин 3 чакырылышынын депутаты, Таш-Башат айылына инвестицияларды тартып келип, социалдык –экономикалык абалын өнүктүрүүгө, айыл аймактын мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Калиев Болотбек Матановичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Чолпонбаев |