Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXX (отузунчу) сессиясы
2020-жылдын 24-декабры №190/XXX-27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине бир айлык сыйлык берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Тологоновдун “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине бир айлык сыйлык берүү жөнүндө” кайрылуусун карап, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жалпы аппарат кызматкерлерине COVID-19 илдетинин учурунда жигердүү иштегендиктерин жана оор кырдаалда социалдык жактан абалы оор үй-бүлөөлөргө демөөрчүлөрдү тартып, жардам берүүнү уюштургандыгы үчүн, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюжетинин жалпы киреше бөлүгүн өлкө үчүн оор жылы 93,1% га аткаргандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктусунун жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Коллективдик келишиминин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратына бир айлык акы өлчөмүндө сыйлык берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппаратына бир айлык акы өлчөмүндө сыйлык берүү үчүн 2019-жылдын бюджетинен калган калдыгынан 140,0 миң сом- аппарат бөлүмүнүн 2111- беренесине, жана 22,6 миң сом 2121-беренесине отургузулсун. Калган 77,4 миң сом акча каражаты жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражатынан төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |